Орусиядан баш тарткан "Coca-Cola" компаниясынын суусундуктары Екатеринбургда сатылууда
Май айында "Coca-Cola" компаниясы Орусия рыногунан чыгары тууралуу маалымат берилген. Орусиянын Екатеринбург шаарында жашаган кыргызстандыктар дүкөндөрдүн биринде Coca-Cola, Sprite, Fanta суусундуктары сатылып жатканын сүрөткө тартып чыгарышкан.
"Coca-Cola" компаниясынын Орусиянын рыногунан толук чыгары тууралуу май айында компаниянын генералдык директору Жеймс Квинси билдирген. 16-июнда компаниянын өкүлдөрү кампада суусундуктардын запасы түгөнүп баратканын, жаңы тобунда чыгарылгандар Орусияга сатылбай тургандыгын билдирген.