Орусиядагы үрөй учурган жол кырсыкта каза болгондордун төртөө Жалал-Абаддын тургундары
Орусияда жол" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/orusiyada-iri-jol-kyrsygy-kattaldy-14-kyrgyz-jarany-kaza-boldu-dagy-3oonyn-jarandygy-taktaluuda/">жол кырсыкта каза болгондордун төртөө Жалал-Абад облусунун тургундары. Экөө Аксы районунун, бири Таш-Көмүр шаарынын, дагы бири Сузак районунун тургуну болгон. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине президенттин Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
"Аксы районунун 1999-жылы туулган жана 2000-жылы туулган тургундары 2 жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн. 27 жаштагы аял киши Аксы районунун тургуну, бирок Таш-Көмүр шаарына келин болуп келген. Ошондой эле кырсыкта Сузак районунун Ленин айыл аймагына караган Жыгач-Коргон айылынын 1976-жылы туулган тургуну да каза болгон. Азыркы учурда жергиликтүү бийлик жетекчилерине, Тышкы иштер министрлигинин жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери маркумдарды сөөгүн тосуп алууга даярдыктарын көрүп жатышат", - деп айтылат маалыматта.