Royal
SerepTV Logo

Орусиядагы таксист келин: "Жолдошум уруп-сабап, бала багуучу менен жүрүп кеткен""

Орусиядагы таксист келин: "Жолдошум уруп-сабап, бала багуучу менен жүрүп кеткен""
38 жаштагы Кызжибек Райымкулова 10 жылдан бери Санкт-Петербургда такси кызматында айдоочу болуп иштейт. Ал 2006-жылы жолдошунун аркасынан Орусияга келген. Кийин жолдошу менен ажырашып, ал жалгыз кызын багуу үчүн түркүн жумушта иштеп көргөнүн айтат. "2005-жылы турмушка чыгып, 2006-жылы жолдошум Орусияга кетип, артынан мен келгем. Кызым төрөлгөнчө курулушта иштедим. Ошентип калып калдым. Эрден чыккан кыз төркүнгө батпайт дегендей, кайра баргым келген жок. Ошону менен Кыргызстанга 2014-жылы бардым. Ажырашып, кызым 2 жашка чыкканда бардым. Унаага кичинемден кызыкчумун. Ажырашкан соң, айдоочулук күбөлүк алдым. Алгачкы жумушум буйрутма бергендерге жеткирип берчүмүн", - деди ал. Ал жолдошунун ур-токмогуна чыдап жүргөнүн айтат. "Мен төрөгөндөн кийин үйгө бала багуучу алдык. Мен дарыланып, ооруканада жаттым. 3 жолу кармап алып, кечиргем. Төртүнчүсүндө кош бойлуу экенин айтканда ажыраштык. Ошондо кызым 2 жашта болчу. Канча жолу токмок жедим, тишимди сындырган убагы болду. Кошуналар полиция чакырып, ошондон улам кууп чыкканбыз", - деди ал.