Орусиядагы кандуу окуя: Дайыны жок болуп жаткан 2 кыргызстандык кызга ДНК-экспертиза дайындалды
Москвадагы теракттан кийин жоголгон 20 жана 24 жаштагы кыргызстандык кыздарга ДНК-экспертиза дайындалганын туугандары "Азаттыкка" билдиришти.
"Аларды кафеден чыгарышкан экен. Бирок экөө "курткабыз менен телефонубуз калды" деп кайра кириптир. Ошол бойдон жок. Жанындагылар ушинтип айтышты. Башында беш-алтоо болуп сыртка чыгышкан экен. ДНКсын полицияга бердик, жообун күтүп отурабыз", - деди кыздардын жакындарынын бири.
Буга чейин социалдык тармактарга Орусиядагы терактыдан кийин «Крокус» кафесинде иштеген эки кыргызстандык кыз жок болуп жатканын жазышкан. ТИМ маалымат берип" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/krokus-siti-holldogu-ok-chygaruu-eki-kyrgyzstandyk-kyz-jok-bolup-jatkany-aityluuda/">берип, учурда кыздар менен байланышууга мүмкүн болбой жатканын билдиришкен" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/krokus-siti-holldogu-kanduu-okuya-daiyny-belgisiz-bolup-jatkan-2-kyrgyzstandyk-kyzdyn-syroty/">билдиришкен.