SerepTV Logo

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча соңку кырдаал (хронология)

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча соңку кырдаал (хронология)
30-апрель, 00:00 Чек арадагы кагылышуудан 3 кыргызстандык каза тапты, анын бири 12 жашар кыз. 29-апрель, 23:03 Чек арада жабыркагандардын саны 50 кишиге чукулдады. 29-апрель, 22:41 Биринчи вице-премьер Артем Новиков Баткенге жетти. Ал оперативдүү штабдын жыйынын өткөрүүдө. 29-апрель, 21:26 Өкмөт башчы Улукбек Марипов тажик кесиптеши менен чек арадагы абалды талкуулады. 29-апрель, 21:19 Кыргызстан менен Тажикстан ок атууну токтотуу тууралуу макулдашты. 29-апрель, 20:51 Чек ара кызматынан «Головной» тилкеси толугу менен кыргыз тараптын көзөмөлүндө» деп маалымдашты. 29-апрель, 19:17 Чек ара кызматынан «Тажик тарап «Достук» чек ара бекетине кол салды» деп билдиришти. 29-апрель, 18:49 Чек арадагы жаңжалга байланыштуу көчүрүлгөн жарандардын саны 800дөн ашты. 29-апрель, 18:19 Президент Садыр Жапаров саясий күчтөрдү сабырдуулукка чакырды. 29-апрель, 18:16 Кыргыз-тажик жаңжалында 1 Кыргыз жараны каза болду. Жаракат алгандардын саны - 17 адам. 29-апрель, 17:58 Биринчи вице-премьер Артем Новиков баштаган жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. 29-апрель, 17:29 Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынын өткөрдү. 29-апрель, 17:21 Кыргызстандын Чек ара кызматы саат 16:30да Баткендеги соңку кырдаал боюнча маалымат таратып, абал курчуганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, тажик тарап атайылап чатак чыгарып, кырдаалды курчутууну улантып жатат. 29-апрель, 17:13 ӨКМ чек арадагы атышуудан 22 киши жаракат алганын, анын ичинен 2 адамдын абалы оор экенин билдирди. 29-апрель, 16:04 Тажик тарап Кыргызстан «Головной» пунктун мыйзамсыз басып алганы жатат деп билдирди.
29-апрель, 15:43 Чек арадагы жаңжалдан улам жабыркагандардын саны 8 кишиге жетти. 29-апрель, 15:32 Тажик тарап миномёт, пулемёт жана автоматтар менен массалык аткылоону башташты. 29-апрель, 15:32 Өкмөт башчы Улукбек Мариповдун Кыргыз өлкөсүндө эместиги маалым болду. 29-апрель, 14:58 УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин Кыргызстанда эместиги, чет өлкөгө дарыланууга учуп кеткени маалым болду. 29-апрель, 14:53 Баткендин «Головной водозабор» аймагында ок атышуулар башталганы кабарланууда. https://static.bulbul.kg/mp4/2/77582.2b20975c55c002887a4667369ac5e6bc.720.mp4 29-апрель, 14:32 Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы күч түзүмдөрүнүн бөлүктөрүнүн иш-аракеттерин координациялоо үчүн бүгүн Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Баткенге учуп кетти. 29-апрель, 14:00 Баткендиктер президенттин, өкмөт башчынын, УКМКнын төрагасынын окуя болуп жаткан жерге келишин талап кылышууда. 29-апрель, 13:52 Баткен облусунун башчысы менен Согди облусунуну башчысы эки ирет телефон аркылуу чек ара боюнча сүйлөшүшкөнү маалым болду. 29-апрель, 12:01 Чек арадагы чырга байланыштуу айыл тургундары бийликтен элге курал берүүнү талап кылышууда. 29-апрель, 11:00 Чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү. Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө аймагы жабылды. 29-апрель, 10:52 Чек ара кызматынан «Абал курч. Тажик жетекчилери менен телефон аркылуу байланышуу мүмкүн болгон жок» деп маалымдашты. 29-апрель, 10:47 Баткен районунун үч айыл өкмөтүнө, тагыраагы 28-апрелден тарта Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандекке өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Учурда тургундар эвакуацияланып жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. 29-апрель, 10:35 Чек ара кызматынан «Кечээ орун алган чыр Тажик жарандары тарабынан козутулган. Сүйлөшүүлөрдө тажик тарап орнотулган камераларды кайра алууга убада берген, бирок айтылган убада аткарыла элек. Тажик тарап таратып жаткан «суу алуучу жай толугу менен Тажикстанга карайт, кыргыз тарап аталган жайды оккупациялап алды» деген маалыматтар чындыкка дал келбейт» деп билдиришти. 29-апрель, 10:03 "Ок атышуу болгондо, абал курчуп кетпесин деп, жарандардын коопсуздугу үчүн эвакуация иштерин жүргүзөбүз. Учурда транспортторду уюштуруу жүрүп жатат" деп өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. 29-апрель, 09:40 Кечээ жана бүгүн кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандардын саны 4 адамга жеткени маалым болду. Көк-Таш айылынын 2 тургунунун, Самаркандек айылынын 1 тургунунун денелерине таш тийсе, бир жаранга ок тийди. 29-апрель, 05:45 Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө тажик жарандары тарабынан ок атуучу курал менен октор атылып, ошол айыл аркылуу өтүүчү Ош-Исфана жолунун боюнда жайгашкан Тажикстандын Майский айылы тараптан жолдон өткөн автоунааларга таштар ыргытылып баштаган. Тажик тарап аткан октон Баткен районунун Көк-Таш айылынын 30 жаштагы тургунунун оң көзүнө ок тийип, жергиликтүү ооруканага түштү. 29-апрель, 00:08 Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында, Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдагы абал турукташып, жарандардын таш ыргытуулары токтоду. Баткен жана Исфара райондорунун акимдеринин жана эки тараптын облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин сүйлөшүүлөрү уланып жатат. Кырдаалды Баткен жана Согди облустарынын башчылары көзөмөлдөөдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришкен. 28-апрель, 23:19 УКМКнын Чек ара кызматы маалымат таратып, анда жаңжалда ок атылганын билдиришкен. "Головной" участогунун аймагында тажик тарап электр чубалгысынын тирөөчтөрүнө көзөмөл камераларын орнотууну башташкан. Кыргыз тарап көзөмөл камераларды бул аракетти токтотууну талап кылышкан. Саат 12:25 чамасында Ходжаи Аъло айылында мергенчилик мылтыктан ок чыгарылган. Жаңжал болгон жерде эки тараптан болжол менен 100-150 адам чогулуп, тирешүүдө таштар ыргытылган. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал чыңалуунун элементтери менен туруктуу деп маалымдалган. 28-апрель, 19:58 Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн жогорудагы чыр боюнча абал турукташканын билдиришкен. Ошондой эле Баткен жана Исфара районунун акимдери сүйлөшүп жатканы белгилүү болгон. 28-апрель, 19:07 Баткендин Көк-Таш айылында жергиликтүү тургундар кыргыз-тажик чек арасында чогулуп, бири-бирине таш ыргытышып жатканы маалым болгон. https://www.youtube.com/watch?v=lzwrjg0Dcm0&feature=youtu.be