"Өлкөдө мээ кайнаткан ысык дагы 1 жумага созулат". ӨКМ ысыктан сактануунун жолдорун айтты
Кыргыз гидромет кызматы билдиргендей, өлкөдө аптап дагы бир жумага созулат. Ысыктын жогорку чегин жүрөк-кан тамыр жана өнөкөт оорулардан жапа чеккендер эле эмес, дени сак адам да көтөрө албай турганын медицина кызматкерлери ар дайым эскертип келишет. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Ысыктан кантип сактануу керек?
- күндүн эң ысык мезгилинде мүмкүн болушунча көлөкө жерде болууга жана зарылдыгы жок болсо үйүңүздөн чыкпаганыңыз туура болот;
- өзүңүздү ысыктан коргоонуу үчүн табигый кездемеден тигилген жеңил, кенен кийим кийген оң. Ал эми синтетикалык кездемеден тигилген кийимдер тери ооруларын пайда кылат;
- кургатылган мөмөлөрдөн кайнатылган шербет, бөлмө температурасындагы суюктук ичүү сунушталат, эң жакшысы газсыз минералдык суу, лимон кошулган муздак көк чай суусунду жакшы кандырып, организимге пайдалуу;
- ичүүчү суу өтө муздак болбошу керек, анткени ысыкта иммунитеттин төмөндөшүнөн тамак оору жана курч респиратордук инфекцияларга чалдыгып калуу коркунучу күчөйт;
- сууга түшүү – денени муздатуунун жакшы жолу, жуунганда жуунуунун эрежелерин сактоо керек;
- сууга түшүүдө спирт ичимдиктерин ичпеңиз;
- сунушталбаган, атүгүл тыюу салынган жерлерде сууда сүзбөңүз.