Өлкөдө 1 851 адам коронавирустан дарыланууда
Учурда Кыргызстандын аймагындагы ооруканаларды 983 адам дарыланууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, бейтаптардын ичинен 28 адам өтө оор абалда, 203 адам оор абалда, 619 бейтап орто оордукта, 18 адам канааттандырарлык абалда жатат.
Үй шартында 868 адам дарыланууда.