SerepTV Logo

Окуучулардан коронавирус чыгып, "Газпром Кыргызстан" мектеби карантинге жабылды

Окуучулардан коронавирус чыгып, "Газпром Кыргызстан" мектеби карантинге жабылды
"Газпром Кыргызстан" мектеби карантинге жабылып, окуучулар онлайн билим алууга өттү. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА агенттигине Билим берүү министрлигинен билдиришти. "Буга чейин аталган мектептин 8 окуучусунан коронавирустун белгилери бар оору аныкталган. Онлайн окууга өткөрүлгөн болчу. Мектеп салттуу окутууга жакында эле ачылган. Бирок дагы 2 окуучудан коронавирус аныкталгандыктан кайрадан билим берүү онлайн форматка өткөрүлдү. Окуучулар кеминде 2  жума аралыктан окушат. Ал эми оорунун белгилери мугалимдерде байкалган эмес. Мектепте иштеген бардык мугалимдердин ден соолугу жакшы",- дешти алар.
edita