Өкмөт аппаратынын кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын Баткен облусунун тургундарына көмөк иретинде которот
Өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу тирешүүлөрдүн натыйжасында жабыркаган Баткен облусунун тургундарына көмөк иретинде которот. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Жергиликтүү калкка олуттуу материалдык зыян гана келтирбестен, адам курмандыктарына алып келген окуяларга байланыштуу өкмөт аппаратынын кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акысын которуу чечими кабыл алынган.