ӨКМге 28 атайын техника жана шаймандар тапшырылды
Бүгүн, 1-июлда Кыргыз куткаруучуларынын кесиптик майрамын утурлай Өзгөчө кырдаалдар министрлигине атайын техникалар жана шаймандар тапшырылды.
Маалыматка караганда, техникаларды УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тапшырды.
Ал куткаруучулары кесиптик майрамы менен куттуктап, жыл сайын өзгөчө кырдаалдардын санынын өсүшү реалдуу коркунучтарды жаратып жатканын жана жооптуу мамлекеттик кызматтардын аларга даяр болушу чоң мааниге ээ экенин белгиледи.
"Мен да бул министрликти ичинен жакшы билемин. Сиздердин министрлик табигый кырсыктардын алдын алууда, адамдардын өмүрүн коргоодо, өз убагында куткаруу жана жардам көрсөтүүдө өзгөчө маанилүү ролду ойнойт", - деди ал.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев мамлекет башчыларынын колдоосу менен алынган бул заманбап, атайын жана инженердик техникалар, жабдуулар жарандардын өмүрүн сактоодо, өлкө аймагындагы күтүлбөгөн кырсыктардын кесепетин жоюу боюнча комплекстүү чараларды ишке ашырууга өзгөчө салым кошоору шексиз экенин белгиледи.
ӨКМге жалпы 28 техника тапшырылды, анын ичинен:
- КамАЗ үлгүсүндөгү өрт өчүрүүчү унаа – 11 бирдик;
- КамАЗ (борттуу) – 4 бирдик;
- VID жеңил унаасы – 3 бирдик;
- Кобальт Шеврале – 6 бирдик;
- Шеврале трекер – 1 бирдик;
- Крузак – 1 бирдик;
- Погрузчик – 2 бирдик.