SerepTV Logo

ӨКМ Жумгалдагы көмүр казган жерде жүргөн жер көчкү боюнча маалымат берди

ӨКМ Жумгалдагы көмүр казган жерде жүргөн жер көчкү боюнча маалымат берди
ӨКМ социалдык тармактарда тарап жаткан Жумгалдагы жер көчкү тууралуу маалымат берди. “Нарындын Жумгал районундагы Миң-Куш айыл аймагына караштуу Дүңгүрөмө айылындагы Как тилкесинде "Минерал Прайм" ишканасынын көмүр казып чыгаруу карьеринде жер көчкү жүргөн. Жер көчкүнүн көлөмү болжолдуу 1 миллион кубга жеткен. ӨКМдин Жумгал райондук бөлүмүнөн ыкчам топ жеринде болуп, адам өмүрүнө жана техникаларга зыян келбегенин такташты. Аталган карьерде коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан көмүр кенин казуу ӨКМ тарабынан убактылуу токтотулду”,- деп айтылат маалыматта.
edita