ӨКМ Баткенге куткаруучуларын жөнөттү
Баткен облусуна Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 16 куткаруучусу жөнөтүлдү. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
«Куткаруучулар чыр менен коштолгон жердеги жарандарга тиешелүү жардам берүүгө 100 пайызга даяр», - дешет министрликтен.
Кечээ, 28-апрель күнү түштө кыргыз-тажик чек арасына чектеш жайгашкан Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагына караштуу Көк-Таш айылында кайрадан чыр чыккан. Тагыраагы тажик тарап "Головной" суу алгыч аймагына видеокөзөмөл орнотууга аракет кылганда кыргыз тарап каршы болгон. Коңшу өлкөнүн жарандары ишин токтотууга макул болгон эмес. Ошол учурда жергиликтүү тургундар видеокамера орнотулган мамыны кыйып баштаган. Мунун баары эки жактын таш ыргытуу жана ок чыгаруу менен коштолгон жаңжалга алып келген.