SerepTV Logo

ӨКМ айдоочуларга шашылыш билдирүү таратты

ӨКМ айдоочуларга шашылыш билдирүү таратты
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 25-апрелден 27-апрелге чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу бир катар тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Кооптуу аймактар төмөнкүлөр:
  • Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-137 чакырымы;
  • Чүй облусунун Жайыл районундагы , Төө-Ашуу ашуусундагы 198-250 чакырымы;
  • Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Ала-Бел ашуусундагы Чычкан капчыгайы;
  • Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка автоунаа жолунун 71-75-чакырымы;
  • Жалал-Абад облусу Чаткал районунун Чапчыма ашуусундагы 199-215-чакырым;
  • Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каракысмак капчыгайындагы Кара-Буура ашуусу;
  • Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 295-300-чакырымы;
  • Нарын облусунун Долон ашуусу;
  • Кара-Үнкүр капчыгайы;
  • Ош-Сары-Таш-Эркештам автоунаа жолунун 161-179-чакырымы;
  • Ош облусунун Алай районунун Талдык ашуусу;
  • Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 76-90-чакырымдарында;
  • Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Чоң-Ашуу ашуусунда.
Жолдордун айрым тилкелери тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Unknown Author