Royal
SerepTV Logo

Облустарда мектеп директорлорун тандоонун графиктери өзгөрдү

Облустарда мектеп директорлорун тандоонун графиктери өзгөрдү
Билим берүү жана илим министрлиги Ош, Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарында мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүүнүн графиктери өзгөргөнүн маалымдады. Жаңы график боюнча тестирлөө төмөндөгү күндөрү өтөт: • Ош облусу – 13-август; • Чүй, Талас облусу – 17-август; • Нарын, Ысык-Көл облусу – 20-август. Белгилей кетсек, 11-августта Баткен жана Жалал-Абад облусунда мектеп директорлорунун бош кызмат ордуна талапкерлер компьютердик тестирлөөдөн өткөн.