Нурбек Сыдыгалиевдин кызы делген Мээрим: "Биздин үйдө менталитет деген түшүнүк жок"
Социалдык тармактарга Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиевдин кызымын деген видео ТикТок тармагы аркылуу тарап, талкуу болгон. Аталган видеонун каарманы Мээрим аттуу бийкеч SuperTV каналына өзү тууралуу маек берип жатып, кыргыздын кыздарды үйдө катуу кармаган менталитети боюнча пикирин билдирди.
"Биздин үйдө менталитет деген түшүнүк жок. Ал эски кылымдын түшүнүгү деп эсептейм. Мен үйдө отур, көчөгө чыкпа дегендерди түшүнбөйм. Атам мага негизгиси мени уят кылбастан жөн жүрсөң болду деп айтат. ТикТок тарткың келсе, тартып көр, башка нерсе кылам десең, аны кыл. Болгону биздин үй-бүлөнү уят кылба дешет. Байкемдер жеңемдерди катуу кармагандыктан, мени да бир аз катуу кармашат", - дейт ТикТокчу.
Кечээ, 20-июнь күнү социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиевдин кызы делген кыздын видеолору тарап, ал коомчулукта талкуу" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/sayasat/al-menin-kyzym-emes-jogorku-keneshtin-vicze-spikeri-atam-dep-syrotyn-jaryyalagan-kyzdyn-bildiryysy-boyuncha-yn-katty/">талкуу жараткан.