Шайлоо жарышынан четтетилген партия тууралуу эмне белгилүү?
НДПК 11-апрелде өткөн шаардык кеңеште алдын ала жыйынтыкка ылайык, 7 пайыздык чектен ашып өтүп, тактап айтканда 10,65 пайызды алып, болжолдуу 8 мандатка ээ болгон эле.
Ошол эле күнү Бишкектеги №1208 шайлоо участогунда добуш сатып алуу аракети болгону, ал эки жарандын дал ушул партияга тиешеси бар экени айтылган. Шайлоо тилкесиндеги тартипти көзөмөлдөөчү милиция А. аттуу жаран НДПКга добуш топтоо максатында шайлоочуларга 1000 сомдон акча таратканын билдирген. Укук коргоо органдары тарабынан анын унаасын тинтүү учурунда НДПКнын үгүт материалдары табылган. Ал эми Ю.Б. аттуу жарандын капчыгынан 18,7 миң сом, 202 доллар, 4000 рубль алынганы айтылган.
НДПК партиясынын лидери - Артур Медетбеков. Аталган партия менен шаардык кеңешке 74 жаран катышкан. Ал эми башкы ондукка төмөнкүлөр кирген.
Алар:
- Карыпбеков Илим Майрамбекович;
- Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич;
- Мозгачева Виктория Андреевна;
- Исмаилов Сайдахмат Аблезович;
- Коргонбай уулу Жусупбек;
- Акимжанова Рысгул Абдыманаповна;
- Азыгалиев Уланбек Шайлообекович;
- Урдинов Элдияр Адырбекович;
- Тынымсеитова Нуржан Мырзагуловна;
- Касымов Нурадин Камбаралиевич.