SerepTV Logo

Нарында азык-түлүктөрдү өндүрө турган окуу-өндүрүштүк цех ишке кирди

Нарында азык-түлүктөрдү өндүрө турган окуу-өндүрүштүк цех ишке кирди
Кечээ, 28-апрелде Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин агрардык-техникалык факультетинин имаратында “Нарын азык иштеп чыгуу – окуу цехи” ишке кирди. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Аталган окуу-өндүрүш цехи өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Япониянын JICA эл аралык уюмунун “Бир айыл-бир продукт” долбоорунун жана Нарын мамлекеттик университетинин ортосунда 2020-жылдын 17-февралында кол коюлган үч тараптуу келишимдин негизинде ачылды. Келишимге ылайык, Нарын мамлекеттик университети факультеттин окуу бөлмөсүн цех үчүн акысыз берип, иш ыргагын координациялайт. Ал эми “Бир айыл-бир продукт” долбоору тарабынан цехтин ичи ремонттолуп, керектүү жабдуулар менен камсыздалган. Бул жерде жаңы тамак-аш азыктары жана аларды даярдоонун технологиясы иштелип чыгып, өндүрүлөт. Окуу-өндүрүш цехинин ачылыш аземинде сүзмөгө чычырканак, өрүк, малина сыяктуу мөмө жемиштерин кошуп уникалдуу азык даярдоонун технологиясы тажрыйба жүзүндө көрсөтүлдү.