Нарын шаарында катуу жаан жаап, айрым турак жайлардын ичине суу кирди
Нарын шаарында нөшөрлөп жааган жаандан улам бир нече көчөлөрдү, турак үйлөрдүн короолорун суу каптады.
Шаардын Ак-Коргон аймагындагы коктулардан түшүп, Чоң-Таш 1, Чоң-Таш 2, Тогуз-Булак, Жаштык, Акыйкат, Рыскулов, Чыргайлуу, Бейшеналиева көчөлөрүн каптап, айрым турак жайлардын ичине суу кирип, короолорун каптаган. Учурда Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев жетектеген жарандык коргонуу комиссиясы жеринде иш алып барууда.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="288236,288237,288238,288239"]