Нарын шаарында бассейн ишке киргизилди (фото)
Нарын шаарындагы бассейн оңдоо, түздөө иштеринен кийин кайрадан ачылды. Бул тууралуу Нарын мэриясынан кабарлашты.
Бассейн 8-июль, эртең мененки саат 8ден баштап кардарларга тейлөө кызматын көрсөтө баштайт. Дем алыш күндөн башка күндөрү толук иштейт.
Баасы:
Өспүрүмдөр үчүн - 50 сом;
Студенттер үчүн - 100 сом;
Чоңдор үчүн - 150 сом.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="124665,124666,124667,124668,124669"]