Royal
SerepTV Logo

Мүрзөгө коюлган эстеликти элестетет. Сосновка айылына коюлган "чакырык-плитка" талкууга түштү (видео)

Мүрзөгө коюлган эстеликти элестетет. Сосновка айылына коюлган "чакырык-плитка" талкууга түштү (видео)
Айыл чарба министринин орун басары Бермет Турсалиева Сосновка айылынын кире беришине орнотулган мүрзөгө коюлган эстеликти элестеткен "чакырык-плитканын" сүрөтүн социалдык баракчасына жарыялады. Аталган сүрөт коомчулукта талкуу жаратты.
"Сары-Өзөн Чүй өрөөнүнө кире бериште ушундай "чакырык-плитканы" орнотуп коюшуптур. Түндө өзгөчө коркунучтуу көрүнөт экен. Тыгында турганбыз, бирөөнүн мүрзөсү окшойт, барып куран окуп коёюн дегем. Анткени чоң трассанын боюнда трагедиялык кырсык катталган жерлерге ушундай плиткалар көп коюлган. Барып окусам "Кош келиңиздер" деп турат", - деп жазган Турсалиева.