Москвада көчө шыпырып иштеген Кыргыз жараны таштандыдан тапкан акчаны полицияга өткөрүп берди
Шаардын Медведково районундагы таштандыдан көчө шыпырып иштеген Кыргыз жараны 1 миң доллар жана 80 миң рубль таап, полицияга алып барып берген. Бул тууралуу орусиялык басылмалар" target="_blank">https://tass.ru/proisshestviya/15054837?utm_source=rosbalt.ru&utm_medium=referral&utm_campaign=rosbalt.ru&utm_referrer=rosbalt.ru">басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, кыргызстандык таштандыдан чүпүрөк баштык таап алган, анын биринде 10 даана 100 доллар, 5 миңдик рублдан 15 даана, 5 даана миң рубль жана дагы 50 рубль болгон. Жаран алгач акчанын ээсин өзү табууга аракет кылып, кийин полицияга кайрылган. Окуя боюнча иликтөө иштери башталды.