Москва районунда санитардык талаптар сакталбаган жайларга айып салынды
Чүй облусунун Москва районунда 2021-жылдын 1-кварталында (январь, февраль, март) коронавируска каршы күрөшүү шартында санитардык талаптар сакталбаган жайларга 11 протокол түзүлүп, 41 500 сом айып пул салынды. Бул тууралуу райондук ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы дарыгери Райкүл Добулбаева билдирди.
Маалым болгондой, райондо 12 айыл аймагы бар.
«Ар жумада райондук штаб өткөрүлүп, коронавируска каршы күрөшүү боюнча иш-мерчемдер белгиленет. Өткөн жылдан баштап түшүндүрүү иштерин такай жүргүзүп келебиз. Бирок айрым жайларда санитардык-гигиеналык эрежелер сакталбаган учурлар катталып, 11 протокол түзүлүп, 41 500 сом айып пул салынды. Тактап айтканда, алар: базар, чач тарач, 2 мектеп, 4 дарылоо мекемелери, 3 соода түйүндөрү.
Ал эми апрель айында COVID-19 вирусун жуктургандардын саны өсүп, 116 адамга жетти. Өзгөчө Садовое, Александровка жана Беловодское айыл аймактарында сан жагынан басымдуулук кылууда. Ошол себептерден улам ар бир аймактарга атайын рейддер жүргүзүлө баштады», - деди башкы дарыгер.