Abank
SerepTV Logo

Москва-Ош багыты боюнча каттамдардын саны көбөйүүдө

Москва-Ош багыты боюнча каттамдардын саны көбөйүүдө
Москва-Ош багыты боюнча каттамдардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти. Орусиялык «Победа» авиакомпаниясы Кыргызстанга каттамдарды аткара баштаган. Москва ("Внуково" аэропорту) – Ош багыты боюнча каттамдар 26-апрелде башталып, күн сайын каттайт. Билеттерди сатуу учурда жүрүп жатат жана жеткиликтүү.