SerepTV Logo

Министрлик вакцина ташуучу муздаткычтар кандай бөлүштүрүлөрүн билдирди

Министрлик вакцина ташуучу муздаткычтар кандай бөлүштүрүлөрүн билдирди

Вакцина препараттарын ташуу үчүн Кыргызстанга 8 авторефрижератор келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, алар өлкөгө гуманитардык жардам катары жеткирилди. Бул транспорттук каражаттар Вакцина жана иммундаштыруу боюнча Глобалдык Альянс (ВИГА) тарабынан берилип жана ЮНИСЕФтин (UNICEF Kyrgyzstan) камсыздоо бөлүмү аркылуу ЮНИСЕФтин ченемдик документтерине ылайык сатып алынган.

«Бөлүштүрүү планына ылайык, транспорттук каражаттар Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн 7 облустун борборлоруна бөлүштүрүлөт жана бир автоунаа Улуттук иммунопрофилактика борборуна берилет», - деп айтылат маалыматта.

Авторефрижераторлор вакцина препараттарын +2... +80С температурада ташууга арналган.

[gallery columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="40473,40474,40475,40476"]
Unknown Author