Министрлик медиктердин айлыгы боюнча түшүндүрмө берди
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги медицина кызматкерлеринин айлык маянасы кандай өзгөргөнү тууралуу түшүндүрмө берди.
Ага ылайык, саламаттык сактоо уюмдарында иштеген кызматкерлердин айлык маянасы төмөндөгү көрсөткүчтөр боюнча өзгөрүүдө:
- Административдик башкарууда иштеген кызматкерлердин айлык маянасы 50% жогорулады. 2020-жылдын негизинде орточо айлык акы 1 штаттык бирдикке 9 634 сомду түзсө,эми 14 451 сомду түзөт.
- Врачтардын айлык маянасы 50% жогорулады. Мурда 1 штаттык бирдикке маяна 8 598 сомду түзсө, эми 12 897 сом болду.
- Үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлык маянасы 100% жогорулады. Мурда алар 8 598 сом алса, эми 17 197 сом алат.
- Орто даражадагы кызматкерлердин айлык маянасы 50% жогорулады. 2020-жылдын негизинде орточо айлык маяна 1 штаттык бирдикке 7826 сомду түзсө, эми 11 739 сомду түзөт.
- Кичи даражадагы кызматкерлердин айлык маянасы 50% жогорулады. Мурда алар 6 659 сом алса, эми 9 989 сом маяна алат.
- Башка кызматкерлердин айлык маянасы 50% жогорулады. Алсак, 2020-жылдын негизинде орточо айлык маяна 1 штаттык бирдикке 6659 сомду түзсө, эми 9 989 сом болду.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине айлык маяналардын көтөрүлүшү менен 2021-жылга кошумча 1 миллиард 612 миллион сом керек.