Министрлик: "ЖРТдагы орточо упай - 120. Быйыл акыркы 3 жылда эң төмөнкү көрсөткүч катталды"
2022-жылкы окуу жылында ЖРТ боюнча орточо упай 120 болду. Бул тууралуу жыйында Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп жана мектепке чейинки билим берүү башкармасынын жетекчиси Самаркүл Умралиева билдирди.
"2019-жылы ЖРТнын жыйынтыгы боюнча орточо упай 123 болсо, 2020-жылы 120,2 упай, 2021-жылы 120,5 упай упай болгон. 2022-жылы орточо упай 120 упай болду. Бул 3 жыл аралыгындагы эң төмөн көрсөткүч", - деди Умралиева.