Министр: "Кытайдан келген вакцинаны бардык каалоочулар ала алат"
Бишкек менен Чүйдө коронавирус жуктургандар көп катталып жаткандыктан, кытай вакцинасын бардык каалоочуларга саюу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Сереп Медиа агенттигине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
«Синофармды» каалаган киши келип алсын деп, Бишкектеги бейтапканалардын баарында пункттарды ачтык. Азыр мен №7 бейтапкананын жанынан өттүм. Ал жакта да эмдөө жүрүп жатат. Башка аймактарда деле каалагандар барып алса болот. Бирок Бишкек менен Чүй облусу "кызыл зонага" кирип аткандыктан, биринчи кезекте ушул аймактардын элин эмдеп алышыбыз керек болуп жатат», - деди министр.
Сереп Медиа бул боюнча шаардагы №2 бейтапканага кайрылганда, маалыматты тастыкташты.
«Ооба, биздин бейтапканада каттоосу бар, эмдөөдөн өтүүнү каалаган бардык жарандарга вакцина сайып берип баштадык. Акысыз», - дешти мекемеден.