SerepTV Logo

Министр Алымкадыр Бейшеналиев дарыгерлер тобу менен Баткенге кетти

Министр Алымкадыр Бейшеналиев дарыгерлер тобу менен Баткенге кетти
Бүгүн, 30-апрелде Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн Баткен облусуна учуп кетти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Министр менен чогуу практикалык медициналык жардам көрсөтүү үчүн 2 жалпы хирург, нейрохирург, нейротравматолог, кан тамыр хирургу, жаак-бет хирургу, 2 анестезиолог-реаниматолог жана травматолог кетти. Бул топ Улуттук госпиталдын жана Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун адистеринен түзүлгөн, алар Исфана шаарына жөнөтүлөт.
Unknown Author