Министр Кубанычбек Турдубаев энергетика жаатында абал өтө оор экенин билдирди
Азыркы учурда энергетика жаатында өтө оор акыбал пайда болду. Бул туурасында энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев бүгүн, 22-апрелде электр энергиясына жаңы тарифтик саясат боюнча берген маалымат жыйында билдирди.
«Мындай абалдын пайда болушуна бир гана себеп бар. Энергетиканын экономикасын саясаттык жөнгө салуу механизми менен алып баралы деген саясатчылар ушуга алып келди. Биздин оюбузча, энергетиканын экономикасын эч кандай саясаттык инструмент менен жөнгө салууга болбойт. Ошон үчүн бүгүн биздин азыркы бийлик тараптан, министрлик тараптан энергетиканын экономикасын тим коюп, экономиканын закондоруна ылайык иш алып баралы деген сунуштар болуп жатат. Ушул жагдай гана биздин энергетиканы саздан сууруп чыга алат жана өнүгүүгө жол берет», - дейт министр.