Министр Кайрат Иманалиев Баку шаарында референдумга добуш берди (сүрөт)
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жаңы Конституция боюнча референдумга катышты. Ал Баку шаарында добуш берди.
"Иманалиев иш сапарда жүргөндүктөн, Кыргызстандын Азербайжандагы элчилигинде добуш берди", - деп билдиришти министрликтин басма сөз кызматынан.