Abank
SerepTV Logo

Министр Жаманкулов постсоветтик мейкиндиктеги эң мыкты 20 жаш лидердин бири болду

Министр Жаманкулов постсоветтик мейкиндиктеги эң мыкты 20 жаш лидердин бири болду
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов постсоветтик мейкиндиктин эң мыкты 20 жаш лидеринин катарына кирди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. МГИМО Мамлекеттик Дума жана КМШ өлкөлөрүнүн институту менен биргеликте постсоветтик өлкөлөрдүн арасында жаш лидерлеринин рейтингин түзгөн. Маалым болгондой, мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдүн эң келечектүү, мыкты 20 жаш саясатчыларынын арасында эки кыргызстандык бар. Алар: 35 жаштагы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана 33 жаштагы ЕЭКтин жаштар кеңешинин төрагасы Данияр Турусбеков. Уюштуруучулар жалпыга маалымдоо каражаттарында айтылган сөздөргө, мамлекеттик сыйлыктарга, эл аралык байланыштардын деңгээлине, саясий келечегине жана кызматтык жетишкендиктерге баа беришкен.