SerepTV Logo

Министр: "Аз камсыз үй-бүлөлөрдү Саламаттыкты сактоо министрлиги менен энергетиктер чогуу такташат"

Министр: "Аз камсыз үй-бүлөлөрдү Саламаттыкты сактоо министрлиги менен энергетиктер чогуу такташат"
Мурунку тарифтик саясаттын кемчилиги - ар бир жаранга социалдык тарифтер колдонулчу. Бул тууралуу энергетика министри Кубанычбек Турдубаев  бүгүн, 22-апрелде маалымат жыйын учурунда билдирди. «Муктаж болгон, муктаж болбогон жарандарга деле баарына тең социалдык тариф болчу. Биздин оюбузча, тарифтик саясат калыс, адилеттүү болуш керек. Муктаж болгондорго чынында эле жардам беришибиз шарт. Калгандар экономикалык баа менен төлөшү керек. Биз ошол калыстыкты, адилеттүүлүктү тарифтик саясатка колдонолу деп сунуш кылдык. Ушуга байланыштуу калк үчүн 3 категория пайда болду. 1-категория аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, жардамга муктаж үй-бүлөлөр. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, аз камсыз болгон 110 миң үй-бүлө бар экен. Азыркы учурда ушул маалымат база боюнча иштер жүрүп жатат. Ар бир үй-бүлөнүн даректери такталууда. Андан тышкары энергетиктерге дагы ыкчам түрдө баарын кыдырып көрүп, кыйналган үй-бүлөлөр андан көп болсо, аларды тактап, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен бирге аларды дагы ушул тизмеге коштургула деген тапшырма берилди. Маалыматтык база такталгандан кийин алар энергетиктерге өткөрсө, бул базаны биллинг системасына киргизип, иштеткенге техникалык жактан көйгөй болбойт.  Экинчи категория - тоолуу, жашоо-шарты оор райондордо жашаган жарандар. Бул категория боюнча маселе жок. Тизме такталган. Азыркы учурда бул категориядагы 187 миң үй-бүлө бар.  Калган керектөөчүлөргө 2020-жылдын өздүк наркы менен тариф сунушталат», - деди министр.
Unknown Author