SerepTV Logo

Мэрия шаар казынасына 1,5 миллион сом өндүрдү

Мэрия шаар казынасына 1,5 миллион сом өндүрдү

Бишкек мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгы ижарачылардан 1,5 миллион сом өндүрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2006-жылы "АТК" компаниясы шаардын түштүк-чыгышынан 1,9 гектар жерди 49 жылга ижарага алган. 10 жылдан кийин ишкана жерди пайдалануу укугун «ГС» ЖЧКсына өткөрүп берген. 2021-жылдын биринчи кварталын кошкондо компания мэрияга ижара үчүн 1 миллион 266 миң сом карыз болгон, анын тууму 316 миң 659 сомду түзгөн.

Жер ресурстары башкармалыгы Октябрь райондук сотуна кайрылып, соттун 21-апрелдеги чечими менен башкармалык карыздын баарын өндүрүп алды.

Unknown Author