SerepTV Logo

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов коронавируска каршы эмдөөдөн өттү
Бүгүн, 22-апрелде Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, ал Кытайдан келген "Синофарм" вакцинасы менен эмделген. Эске салсак, Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү 29-мартта башталган эле. Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 13 552 адам эмдөө алды.