"Маселе каралууда". Мэрия маршруттук такси айдоочуларын чагымчылдыкка алдырбоого чакырды
Бишкек шаардык мэриясы маршруттук таксилерге байланыштуу абал боюнча комментарий берди. Буга чейин интернетте айдоочулар 3-май күнү ишке чыкпай, жол кирени көтөрүүнү талап кылышат деген маалыматтар тараган эле.
Мэрия бүгүн, 23-апрелде коомдук транспорттордо жол кирени этап-этабы менен жогорулатуу маселесинин үстүндө иш жүрүп жатканын билдирди.
"Мыйзам боюнча тарифтерди өзгөртүү чечимин Бишкек шаардык кеңеши кабыл алат, муниципалитет токтомдун долбоорун киргизет. Долбоорду депутаттардын кароосуна киргизгенге чейин ал мыйзамда караган бардык этаптардан өтүшү керек. Бул экспертиза, профилдик комиссиянын бүтүмү, эң башкысы - маселени шаардыктар коомдук талкууда карашы керек", - дешти мэриядан.
Мэриядан учурда коомдук транспорт - автобустар менен троллейбустар штаттык режимде иштеп жатканын билдиришти.
"Урматтуу менчик маршруттук таксилердин айдоочулары! Биз силердин маселеңерди уктук жана түшүнүп жатабыз, бул боюнча мыйзам чегинде иш алып барып жатабыз. Коомдук транспорттун иши үзгүлтүккө учурабашы керек!" - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.