SerepTV Logo

Айтматовдордун тууганы: "Үйдөн дарыланыптыр, ошого күчөтүп алды окшойт"

Айтматовдордун тууганы: "Үйдөн дарыланыптыр, ошого күчөтүп алды окшойт"
Бүгүн, 21-апрелде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Ал кечээ Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза тапкан. Өзүн Чыңгыз Айтматовдун жээни катары тааныштырган Кубанычбек Сапаков маркум буга чейин күүлүү-күчтүү эле жүргөнүн билдирди. «Жакында эле Түркияга барып, көзүнө операция жасатып келди эле. Таажеңебиздин потенциалы күчтүү болчу. Ооруп калганда, үйдөн дарыланып, антибиотик алыптыр. Ошондон күчөтүп алды окшойт», - деди ал. Буга чейин келини Сабира Айтматова соцтармакка бүт үй-бүлө мүчөлөрү коронавирус жуктуруп алганын жазган эле.
Unknown Author