SerepTV Logo

Марипов: "Жабыркагандын баары компенсация алат"

Марипов: "Жабыркагандын баары компенсация алат"
Премьер-министр Улукбек Марипов Баткен облусунун чектеш айылдарынын кагылышууда жабыркаган тургундарынан кабар алды. Учурда жабыркаган жарандар Баткен шаарынын ооруканасында дарыланууда. Премьер-министрге жарандардын ден-соолугунун абалы жана алардын дарылануусу тууралуу маалымат берилди. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, Баткен шаарынын бириккен облустук ооруканасына 144 адам кайрылган, алардын арасында жарандык жана аскер адамдары бар. Учурда 54 адам мындан ары дарылануусу үчүн Бишкек шаарына жөнөтүлгөн, 30у ооруканадан чыгарылган, ал эми 50 адам алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн соң, канааттандыраарлык абалда амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Ар кандай жаракат алган жабыркаган 10 адам – стационарда. Өкмөт башчы ошондой эле Баткен облустук мектеп-гимназиясында убактылуу жайгашкан айыл тургундары менен жолугушту.  Бүгүнкү күндө мында Баткен облусунун 144 тургуну бар, анын 96сы -балдар. «Мен сиздердин абалды эң жакшы түшүнүп турам, анткени өзүм ушул жерде жашагам. Мындай нерсе орун албашы тийиш эле. Ондогон жарандарыбыз шейит кетти. Ким эмне дебесин, убакыт талдап, баарын өз ордуна коёт. Бардык жабыркагандар компенсацияларды алат деп ишендирип кетем. Тийиштүү ведомстволор келтирилген зыяндын эсебин тактап жатат. Эч ким кароосуз калбайт», - деди премьер-министр. Улукбек Марипов белгилегендей, келтирилген зыян өлчөмү саналып бүтөөрү менен талкаланган жана өрттөлгөн мүлктү калыбына келтирүү иштери башталат.