"Манас" аэропортуна экспресс кичи автобустар каттап баштады
"Манас" аэропортуна каттаган экспресс кичи автобустар ишин баштады. Бул тууралуу Туризди өнүктүрүүнү колдоо фондунан маалымдашты.
"Бишкек-"Манас" аэропорту-Бишкек каттамы менен жүргөн кичи автобустар жүрүп баштады. Жалпысынан 12 кичи автобус жарым саат аралык менен ташыйт. Унаалар борбордук көчөлөр менен каттап, түштүк кичи райондорунан токтойт. Экспресс менен жүрүүнүн акысы - 150 сом", - деп жазылат маалыматта.