"Манас" аэропортуна 36 жаштагы жаңы жетекчи келди
"Манас" эл аралык аэропортуна 36 жаштагы жаңы жетекчи дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан маалымдашты.
"Кечээ, 7-июлда "Манас" эл аралык аэропортунун директорлор кеңешинин отуруму болуп, анын жыйынтыгында башкармалыктын төрагасы – башкы директор Бакыт Шаршеевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана мекеменин башкы директору болуп Манас Самидиновду дайындоо чечими кабыл алынды", - деп жазылат маалыматта.