Май айында Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасы келиши мүмкүн
AstraZeneca вакцинасы Кыргызстанга COVAX линиясы аркылуу май айында келиши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Республикалык иммунопрофилактика борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова билдирди.
Анын айтымында, COVAX программасы биринчи айлампада 400 миң доза вакцина сунуштаган. «Биз бул маселенин үстүндө иштеп жатабыз. Майда керектелүүчү материалдар менен вакцина келет. COVAX программасы бүт өлкөлөргө AstraZeneca вакцинасын сунуштап жатат. Коңшу Өзбекстан, Тажикстан өзүлөрүнүн партиясын алышты, Кыргызстанга да биринчи раундда AstraZeneca бөлүндү», - деди ал.
Ишенапысова экинчи айлампада мамлекет сүйлөшүү жолдору менен вакцина тандап алса болорун кошумчалады. «Биринчи айлампада бардык мамлекеттер үчүн бирдей шарт коюлган», - деди ал.
Буга чейин саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев COVAX программасынын алкагында Кыргызстанга 2 млн 600 миң доза вакцина келерин билдирген.