Май айындагы майрамдар: Кыргызстандыктар кайсы күндөрү эс алат?
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги май айындагы майрам күндөр тууралуу маалымат берди.
Эмгек кодексине ылайык төмөнкү күндөр майрамдык эс алуу күндөр деп саналат:
- 1-май — Эмгек күнү;
- 5-май — Конституция күнү;
- 9-май — Жеңиш күнү.
Ошондой эле майрамдык эс алуу күнү дем алыш күндөргө туш келип калса, анда дем алыш күн кийинки жумушчу күнгө жылдырылат. 9-май жекшембиге туура келгендиктен, 10-май дагы эс алуу күн болот.
Андан тышкары 1-май дагы ишембиге дал келгендиктен, 3-май — дүйшөмбү дагы эс алуу күнү болмок. Бирок дем алыш жана майрамдык эс алуу күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында өкмөт тарабынан 2020-жылы 30-декабрда «Дем алыш күнүн жылдыруу» тууралуу токтом кабыл алынган. Ага ылайык, 3-майдагы эс алуу күнү 2021-жылдын 8-январындагы жумушчу күнгө жылдырылган (8-январь жумуш күн болгон эмес). Ошондуктан Кыргызстанда 3-май жумуш күнү болот.
Быйыл Рамазан айы 13-апрелде башталгандыктан, Орозо айт майрамы да май айына туура келет (13-май же 14-май).