Липосакция операциясынан кийин көз жумган аял. Эки тарап жарашып, кылмыш иши токтотулду
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына айыпталуучунун кызыкчылыгын коргогон жактоочудан арыз түшкөн. Анда тараптардын жарашуусу жана жабырлануучуга келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө макулдашуунун негизинде кылмыш ишин токтотууну суранышкан.
Буга чейин СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маркумдун сиңдиси кайрылып, Улуттук госпиталда эжеси каза болгонун билдирген. Ал менчик клиникадан оор абалда №2 анестезиология жана реанимация бөлүмүнө жеткирилген. Улуттук госпиталдан аялдын Art clinic клиникасында липосакция операция жасатканы, ошондон кийин абалы начарлап, оор абалда жеткирилгени маалым" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/uluttuk-gospitalda-ayal-koz-jumgan-al-jeke-klinikadan-liposakcziya-operacziyasyn-jasatkan/">маалым болгон. Саламаттыкты сактоо министрлиги Art clinic клиникасынын лицензиясы бар экенин билдиришкен" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/liposakcziya-operacziyasynyn-kiiin-koz-jumgan-ayal-klinika-kimge-kattalgany-maalym-boldu/">билдиришкен. Биринчи Май РИИБде окуя боюнча кылмыш иши козголгон. " target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/jeke-klinikadan-liposakcziya-operacziyasyn-jasatkan-ayaldyn-uluttuk-gospitalda-koz-jumushu-kylmysh-ishi-kozgoldu/">козголгон. Кийин менчик клиниканын хирургу кармалып, камакка алынган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/liposakcziya-operacziyasynan-kiiin-koz-jumgan-ayal-jeke-klinikanyn-hirurgu-kamakka-alyndy/">алынган.