Лейлектеги ок атышуудан 2 адам көз жумду
Учурда кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болуп жатат. Ок атышуунун кесепетинен 2 адам көз жумуп, 1 адам жаракат алды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
"Интернациональное айылында 1966-жылы жана 1991-жылы туулган 2 жаран көз жумду. 1 жаран жаракат алды", - деди ал.
Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, каза болгон жарандар Кулунду айылынын тургундары.