SerepTV Logo

Лейлек районуна гуманитардык жардам берилди

Лейлек районуна гуманитардык жардам берилди
Лейлек районуна гуманитардык жардам жиберилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. "Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ӨКМ жана Кызыл Крест уюму тарабынан Баткен шаарынан Лейлек районуна атайын учак менен медициналык дары-дармектер, гигиеналык каражаттар жиберилди. Жүк ташуучу унаалар менен азык-түлүк да жөнөтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта. Кечээ, 29-апрелде кечинде Лейлек районунун чек аралаш аймактарынан 13 миң 500 адам коопсуз жайга чыгарылган.