Royal
SerepTV Logo

Ош шаарында коомдук транспортту онлайн көзөмөлдөө кызматы ишке кирет

Ош шаарында коомдук транспортту онлайн көзөмөлдөө кызматы ишке кирет
Ош шаарында 1-августтан тарта коомдук транспортко спутниктик мониторинг системасы ишке киргизилет. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан маалымдашты.
- 18-июлда Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев тиешелүү кызматтардын жана мекемелердин жетекчилери, өкүлдөрү менен биргеликте коомдук транспортко спутниктик мониторинг системасын киргизүү долбоорунун жүрүшү менен таанышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө маршруттук таксилердин айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аларга атайын системалык мобилдик тиркеме орнотулуп, ал аркылуу шаардын бардык кичи автобустарынын кыймылына OSHBUS мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн режиминде көз салууга болот.
Бул системанын өзгөчө артыкчылыгы – ар бир жүргүнчү үйдөн чыкпай эле кичи автобустардын кыймылынын убактысын көрө алат. 1-августка чейин бардык маршруттук каттамдар бул системага кошулат. 1-августта бул системанын расмий презентациясы болот", - деп жазылат маалыматта.