Кытайда жол кырсыгынан каза болгон 22 жаштагы жигиттин сөөгү мекенине жеткирилди
Кытайдын Шанхай шаарында каза болгон 22 жаштагы кыргыз студентинин сөөгү мекенине алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-апрель күнү эртең менен кырсыктын кесепетинен каза болгон 1999-жылы туулган Бексултан Шадыканов сөөгү Кытайдан өлкөгө жеткирилип, андан ары жерге берүү үчүн туугандарына өткөрүлүп берилген. Кыргыз Республикасынын Пекиндеги элчилиги тарабынан тиешелүү консулдук-укуктук жардам, ошондой эле маркумдун сөөгүн өлкөгө жөнөтүүгө байланыштуу башка зарыл жардам көрсөтүлгөн.
Буга чейин СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бексултан Шадыкановдун апасы Анара Керимбекова кайрылып, уулунун сөөгүн Кытайдан алып келүү үчүн 25 миң доллардай акча каражаты кетерин айтып, мекендештерден жардам сураган эле. Ал эми ТИМ маркумдун жол кырсыгынан каза болгонун, алар анын сөөгүн мекенине жеткирүүгө бардык аракетин жумшарын убадалашкан. Бексултан Шадыканов Жалал-Абад облусунун кулуну. Ал жакындары менен 2 жылдан бери көрүшө элек болчу.