Royal
SerepTV Logo

Кыргызстанга саммитке келген кошуна өлкө башчылары теплоход менен сейилдешти (фото)

Кыргызстанга саммитке келген кошуна өлкө башчылары теплоход менен сейилдешти (фото)
Кечээ, 20-июль күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Садыр Жапаров, Касым Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев жолугушуп, теплоход менен көл аралап, сейилдешти. Бүгүн, 21-июль күнү Тажикстан, Түркмөнстандын президенттери Эмомали Рахмон менен Сердар Бердымухамедовдун келүүсү күтүлүүдө. Эске салсак, бүгүн, 21-июль күну Чолпон-Ата шаарындагы резиденцияда Борбор Азия мамлекет башчыларынын IV Консультативдик жолугушуусу өтөт.