Кыргызстанга май айында «Спутник V» вакцинасынын дагы 40 миң дозасы келет
Орусия менен «Спутник V» вакцинасы боюнча келишим 60 миң дозага түзүлгөн. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов билдирди.
“Кечээ өлкөгө орус вакцинасынын биринчи партиясы – 20 миң дазасы келип түштү. Апрелдин аягында, май айынын башында дагы 40 миң доза вакцина эки партия менен келет. Бир дозасы 10 доллар болот. 1 миллион дозага келишим түзүлүп, жиберилген. Ал да партия менен алып келинет”, - деди ал.
Анын айтымында кечээ келген вакциналар бүгүн аймактарга жиберилет.
“Жарандар кытай же орус вакцинасын тандоо менен эмдөөдөн өтүшөт. Азырынча тез ооруга чалдыга турган адамдарга, өнөкөт оорусу барларга жана 65 жаштан жогорку жарандарга сайып жатабыз. Эгер жогоруда айтылган 1 миллион доза вакцина боюнча жооп алсак, анда каалоочулардын бардыгын эмдейбиз”, - деди ал.