SerepTV Logo

Кыргызстанга май айында "AstraZeneca" вакцинасы келет

Кыргызстанга май айында "AstraZeneca" вакцинасы келет
Кыргызстанга май айында "AstraZeneca" вакцинасы келет. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Фейсбуктагы баракчасындагы түз эфир учурунда билдирди. "Мына биздин дарыгерлер учурда Кытайдан келген "Синофарм" вакцинасы менен эмдөө алып атышат. Биз шаарда эмдөө пункттарын ачтык, жарандар акысыз вакцина сайдырып кетсеңер болот. Андан тышкары Англиядан чыккан "AstraZeneca" вакцинасына керектүү материалдар өлкөгө келип түштү. Май айында вакцинанын өзү келет. Бардыгыңыздарды ушул вакциналарды алууга чакырамын", - деди ал.