SerepTV Logo

Кыргызстандыктардын жашоо минимуму 760 сомго жогорулады

Кыргызстандыктардын жашоо минимуму 760 сомго жогорулады
Ушул жылдын I кварталында кыргызстандыктардын жашоо минимумунун көлөмү 13 пайызга көбөйүп, 5 миң 840 сом 40 тыйынды түздү. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинен маалымдашты. Жашоо минимумунун эң жогорку көлөмү Бишкекте, Ош шаарында жана Ош облусунда байкалган.
Жашоо минимуму — бир жаран ушунча акча менен бир ай жанын бага алат дегенди түшүндүрөт. Белгилей кетсек, кабыл алынган жаңы Конституцияда пенсия, жөлөк пулдарды жашоо минимумунан кем эмес төлөө кепилденген. Бул мыйзам 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Unknown Author